Гондураста реактив кырсыкка учурады

Кырсыкта эң аз 6 кишинин жаралангандыгы билдирилди.

977085
Гондураста реактив кырсыкка учурады

Борбордук Америка өлкөсү Гондураста менчик бир реактивдин кырсыкка учурашы менен эң аз 6 кишинин жаралангандыгы билдирилди.

Чукул абалдарды башкаруу тарабынан берилген маалыматта АКШнын Тексас аймагындагы Остин шаарынан учкан менчик учактын борбор шаар Тегусигальпада Тонконта аэропортунда конуу учурунда кырсыкка учурагандыгы белгиленди. Маалыматта учактын кырсыкка учурашы менен каза болгондордун болбогондугу, эң аз 6 кишинин жаралангандыгы билдирилди.

Учакта канча кишинин бар экендигине байланыштуу так бир маалымат берилген жок.

Тоолордун ортосунда болушу жана отурукташуу жерлерине жакындыгынан улам Тегусигальпадагы  аэропорт дүйнөнүн эң кыйын аэропортторунун ортосунда жайгашкан.

 



Тектеш кабарлар