Ирандын президенти АКШнын мамлекеттик катчысына каршы чыкты

Хасан Рухани АКШнын мамлекет катчысы Майк Помпеонун АКШнын жаңы Иран саясаты жана салына турган санкцияларга байланыштуу билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

976213
Ирандын президенти АКШнын мамлекеттик катчысына каршы чыкты

Ирандын президенти Хасан Рухани дүйнө өлкөлөрүнүн  бүгүн АКШнын өздөрү тууралуу чечим чыгарышын кабыл албагандыгын белгиледи.

Хасан Рухани АКШнын мамлекет катчысы Майк Помпеонун АКШнын жаңы Иран саясаты жана салына турган санкцияларга байланыштуу билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

АКШнын кысым менен чечимин ишке ашырууну каалагандыгын бирок өлкөлөрдүн көз карандысыз экендигин жана бул абалды кабыл алышпагандарын билдирген Рухани : «Кечээ тыңчылык борборундагы киши бүгүн келип мамлекеттик катчы болуптур. Эмне кылынышы керектиги боюнча чечим чыгарып жатат. Сен кимсин дүйнө жана Иран тууралуу чечим чыгаргыдай?»,- деди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Помпео АКШнын Ирандан талап кылган 12 беренелик тизмени билдирген жана Иранга каршы «окшошу болбогон финансылык кысым» жана «тарыхтагы эң күчтүү санкциялардын» ишке ашырыларын белгилеген болчу.

Помпео Тегеран башкаруусунун багытын өзгөртпөсө экономикасын жандуу кармап туруу үчүн күрөшөрүн айткан.

 



Тектеш кабарлар