АКШлык дипломаттарга жумуртка жана бут кийим ыргытылды

АКШнын дипломаттарына палестиналыктар каршылык көрсөтүштү.

976265
АКШлык дипломаттарга жумуртка жана бут кийим ыргытылды

АКШнын Кудстагы башкы консулдугу Бейтуллахим шаарында уюштурган курсту аяктаган палестиналык окуучулар үчүн азем өткөрүлдү. Аземге катышкан америкалык дипломаттарга палестиналыктар каршылык көрсөтүштү.

Дипломаттарды ташыган унаага жумуртка жана бут кийим ыргыткан палестиналыктар, элчилигин Аль Кудска көчүргөн АКШнын дипломаттарын Палестинанын жерлеринде каалабагандарын билдиришти.

Митингчилер, Палестина желеги менен катар АКШнын Палестинага карай саясаттарын сынга алган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп 2017-жылдын 6-декабрында Кудсту Израилдин борбор шаары деп тааныганын жана өлкөсүнүн Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрө турганын билдиргенден кийин жаңы элчилик имараты 14-майда өткөрүлгөн азем менен ачылган болчу.

 



Тектеш кабарлар