Афганстандагы кол салуулар

Кол салууларда 14 коопсуздук кызматкери каза болду.

976623
Афганстандагы кол салуулар

Афганстандын Газне аймагында террордук уюм Талибан мүчөлөрү тарабынан бирдей убакта жасалган кол салууларда 14 коопсуздук кызматкери каза болду.

Газне губернаторлугунун катчысы Арф Нур террористтердин Жегату жана Дех Йак райондоруна бирдей убакта кол салгандыгын, кагылышуулардын райондун борборуна жакын аймакта улантылгандыгын айтты.

Кол салууларда каза болгондор жана санынын тактала электигин белгилеген Нури аймакка кошумча бөлүктөрдүн жиберилгендигин белгиледи.

Газне облустук кеңешинин өкүлү Реза Юсуф болсо эки районго жасалган кол салууларда 14 коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун билдирди.

Юсуфи каза болгондордун арасында Дех Йак райондук коопсуздук директору Фаиз Тофандын бар экендигин белгиледи.

Талибандын катчысы Захибуллах Мужахит болсо кол салууларда эки районду колго алышкандарын, кагылышууларда 43 коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун айтты.

Өлкөнүн түштүгүндө болсо бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган кол салууда 4 киши каза болду.

Кандахар аймагынын Кандвали аймагында жергиликтүү убакыт боюнча 13:30да бомба жайгаштырылган унаа менен кол салуу жасалды.

Коопсуздук директорлугунун катчысы Зия Дурани кол салууда 32 кишинин да жаралангандыгын айтты.

Жаралуулардан кээ бирлеринин абалынын оор болушунан улам каза болгондордун санынын артышынан тынчсыздануу болуп жатат. Азырынча кол салууну эч ким моюнга ала элек.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар