Килауэа вулканы кайрадан жарылды

АКШдагы жанар тоодон 9 миң 100 метр бийиктикке күл бүркүп жатат.

973800
Килауэа вулканы кайрадан жарылды

АКШнын Гавайи штатында өткөн жумада жанданган Килауэа вулканы кайрадан атылды.

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борборунан Майк Поланд, Килауэада жаңы жарылуу болгонун жана жанар тоонун оозунан 9 миң 100 метр бийиктикке күл бүркүп жатканын билдирди.

Вулкандын себебинен жерде жарыктар пайда болуп андан эриген таш, уулуу газ жана буу чыгып жатат.

Гавайиде өткөн жумада жанданган Килауэа вулканынын бүркүгөн лава, таш жана уулуу газдын себебинен аймактан 1 миң 700дөн ашуун киши коопсуз жерлерге көчүрүлдү.



Тектеш кабарлар