Палестина АКШдагы өкүлүн чакыртып алды

Бул туурасында Палестинанын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

972141
Палестина АКШдагы өкүлүн чакыртып алды

Палестинанын бийлиги АКШ элчилигин Тель-Авивден Кудс шаарына көчүргөндүгүнө жооп иретинде Вашингтондогу өкүлүн артка чакыртып алды. Палестинанын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Вашингтондогу өкүлү Хосам Замлотту артка чакыртып алганы, буга АКШ элчилигин Кудска көчүрүү чечимине жооп экендигин ырастады. Элчиликтин Кудска көчүрүү чечиминен кийин Газа тилкесинде башталган нааразылык акцияларына Израилдин коопсуздук күчтөрү чыныгы окторду колдонгон. Андагы тирешүүдөн Палестинанын бейкүнөө 62 жараны каза тапты.



Тектеш кабарлар