Ооганстанда Талибан менен айыгышкан салгылашуу...

Ооганстандын батыш жагындагы Фарах провинциясынын борборуна дүйшөмбү күнү Талибан тарабынан кол салуу болду.

972681
Ооганстанда Талибан менен айыгышкан салгылашуу...

Ооганстандын батыш жагындагы Фарах провинциясынын борборуна дүйшөмбү күнү Талибан тарабынан кол салуу болду. Ал кол салуунун бүгүн мизи майтарылды.

Фарах губернаторлугунун катчысы Насер Мехри: «Талибандын Фарах борборуна болгон кол салуусунун мизи майтарылды»,-деп айтты.

Мехри, облустук борбордун коопсуздугун камсыздагандарын, операцияга НАТО күчтөрүнүн да абадан колдоо көрсөткөндөрүн билдирди.

Операцияда 200 чамалуу террористтин жок кылынганын айткан Мехри, 100 террористтин да жаракат алганын белгиледи.

Орто эсеп менен уюмдун миңдей мүчөсү тарабынан кол салуу болуп, каза тапкандардын саны 30га жеткенин айткан Мехри, булардан бешинин жаран экенин билдирди.

Талибандын билдирүүсүндө болсо кол салуудан 60 коопсуздук кызматкери каза болгонун жана Фарах борборунан дагы деле алыстай электерин айтып чыкты.



Тектеш кабарлар