Түштүк Африка Тель-Авивдеги элчисин чакыртып алды

Израилдин зулумдугуна дүйнө жүзү каршылык көрсөтүүдө.

971109
Түштүк Африка Тель-Авивдеги элчисин чакыртып алды

Түштүк Африка, АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүүсү жана Израиль аскерлери тарабынан Газа чек арасындагы митингдерге катышкан палестиналыктарга карай күч колдонулушуна каршылык көрсөтүү үчүн Тель-Авивдеги элчисин чакыртып алды.

Түштүк Африканын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аймакта болуп жаткан күч колдонулган окуяларды айыптап, элчисинин чакыртып алынганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Газа тилкесиндеги бардык Израиль күчтөрүнүн артка чегинишин каалайбыз. Элчибиз Sisa Ngobane жакында үйүнө кайтат»,-деген сөздөргө орун берилди.

Газанын Израиль чек арасында чатырларды курган палестиналыктар, АКШ элчилигинин Кудска көчүрүлүшүн жана Израилдин түптөлүшүнүн б.а Накбанын (Чоң апаат) 70 жылдыгына каршылык көрсөтүү үчүн «миллиондук жүрүш» аталышындагы митингдерди өткөрүп жатышат.

Израиль аскерлери, Газа чек арасында кечээ өткөрүлгөн митингдерге катышкан 59 палестиналыкты шейит кылып, жүздөгөнүн чыныгы ок менен жалпы 2 миң 700дөн ашуун палестиналыкты жаралады.



Тектеш кабарлар