Газада шейит болгондордун саны көбөйдү
Шейит болгондордун 8инин 18 жашка чейинкилер экени, жаралангандардын 225и балдар жана 86сынын аялдар экени маалымдалды.
Газа чек арасында АКШнын элчилигин Кудаска көчүрүүсүнө каршы нааразылык акциясын өткөргөн митингчилерге Израиль аскерлеринин ок атуусунан шейит болгон палестиналыктардын саны 61ге жетти.
Палестинанын Саламаттык сактоо уюмунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жаралангандардын саны болсо 2 миң 770тен ашканы белгиленди.
Билдирүүдө айрыкча шейиттердин 8инин 18 жашка чейинкилер экени, жаралангандардын 225и балдар жана 86сынын аялдар экени маалымдалды.
Газанын Израиль чек арасында чатырларды курган палестиналыктар, АКШ элчилигинин Кудска көчүрүлүшүнө, Израилдин түптөлүшүнүн жана Накбанын (Чоң апаат) 70 жылдыгына каршылык көрсөтүү үчүн «миллиондук жүрүш» аталышындагы митингдерди өткөрүп жатышат.
АКШнын президенти Дональд Трамптын 2017-жылдын 6-декабрында Кудсту Израилдин борбор шаары катары тааныганын жана өлкөсүнүн Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрө турганын билдиргенден кийин жаңы элчилик имаратын кечээ өткөрүлгөн расмий азем менен ачкан болчу.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.