Ооганстанда күчөгөн кол салуулар...

Ооганстанда акыркы убактарда кол салуулар улам күчөп баратат...

970100
Ооганстанда күчөгөн кол салуулар...

Ооганстанда кош кол салуу болуп 12 киши каза тапты, 36 киши жаракат алды.

Окуя өлкөнүн чыгыш жагындагы Жалалабад шаарындагы Финансы башкармалыгынын имаратында болду.

Нангархар губернаторлугунун басма сөз катчысы Атауллах Хогяни, 8 кылмышкерден экөөсүнүн Финансы башкармалыгына кире бериште үстүндөгү бомбаларды жардырып жибергенден кийин калган алты кылмышкер имараттын ичине кирип ок ата баштаганын билдирди.

Кылмышкерлердин мизи майтарылды. Бир канча саатка созулган ок атышуудан кийин бардык кылмышкерлер набыт болгонун айткан Хогяни, кол салууда арасында жарандар да болгон 12 киши каза тапканын маалымдады.

36 киши жаракат алганын айткан Хогяни, булардан айрымдарынын абалдары оор экенин билдирди.

Кол салууну азырынча моюнга алган эч ким боло элек.

Бир тараптан, Кундуз провинциясында террордук уюм Талибандын мүчөлөрүнүн аскердик коопсуздук пунктуна кол салуусунун себебинен 8 аскер каза болду.

Кундуздун коопсуздук директорлугунун катчысы Энамуддин Рахмани, террористтердин Дашти Арчи районуна караштуу Тажик кышлак айылындагы аскердик күзөт үйүнө кол салганын жарыялады.

Кол салууда 5 аскердин да жаракат алганын белгилеген Рахмани, кол салуудан кийинки кагылышууда уюмдун 6 мүчөсү жок кылынганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар