Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Жалалабад шаарында болгон окуяда бир топ киши каза тапканы билдирилүүдө.

969922
Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Ооганстанда кош кол салуу болуп 12 киши каза тапты, 36 киши жаракат алды.

Окуя өлкөнүн чыгыш жагындагы Жалалабад шаарындагы Финансы башкармалыгынын имаратында болду.

Нангархар губернаторлугунун басма сөз катчысы Атауллах Хогяни, 8 кылмышкерден экөөсүнүн Финансы башкармалыгына кире бериште үстүндөгү бомбалары жардырып жибергенден кийин калган алты кылмышкер имараттын ичине кирип ок ата баштаганын билдирди.

Кылмышкерлердин мизи майтарылды. Бир канча саатка созулган ок атышуудан кийин бардык кылмышкерлер набыт болгонун айткан Хогяни, кол салууда арасында жарандар да болгон 12 киши каза тапканын маалымдады.

36 киши жаракат алганын айткан Хогяни, булардан айрымдарынын абалдары оор экенин билдирди.

Кол салууну азырынча моюнга алган эч ким боло элек.



Тектеш кабарлар