Францияда кол салуу болду

Парижде кол салуу болуп 1 киши каза тапты, 2си оор 4 киши жаракат алды.

969517
Францияда кол салуу болду

Франциянын борбор калаасы Парижде бычактуу кол салуу болуп 1 киши каза тапты, 2си оор 4 киши жаракат алды.

Париждин Коопсуздук директорлугунун жарыясына караганда борбор шаардагы Опера аянтына жакын жерде бир шектүүнүн бычак менен көчөдө бараткандарга кол салганы белгиленди.

Мамлекеттик берүү органы France Info каналы, кылмышкердин полиция тарабынан атылып таасирсиз кылынганын жарыялады.

Ички иштер министри Жерард Колумб, коопсуздук күчтөрүн дароо бөгөт койгону жана токтоо мамиле кылгандыгы үчүн куттуктады.

Кылмышкердин ким экени жөнүндө маалымат берилген жок. Ал эми Париждин прокурору окуя болгон жерге барганы жана маалымат жыйын өткөргөнү жарыяланды.


Этикеткалар: #Парижде , #кол салуу

Тектеш кабарлар