Түндүк Корея эми кабарсыз ракета учура албайт
БУУнун эл аралык жарандык авиация уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта түндүк кореялык жетекчилер менен кээ бир сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлгөндүгү белгиленди.
Түндүк Корея мындан кийин кабарсыз ракета сыноо же континенттер аралык баллистикалык ракета учурбайт.
БУУнун эл аралык жарандык авиация уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта түндүк кореялык жетекчилер менен кээ бир сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлгөндүгү белгиленди.
Маалыматта сөздөрүнө орун берилген Түндүк Кореянын авиациясынын башкы директорунун орун басары Ри Йонг Сон улуттук ядролук курал программасы акырына чыккандыктан эми кабарсыз ракета сыноо жана баллистикалык ракета учурууларынын керек эмес экендигин белгиледи.
Сон Түндүк Кореянын эл аралык жарандык авиация мекемелери менен карым - катнаштарын арттырарын баса белгиледи. Маалыматта Түндүк Кореянын аба мейкиндигинде жаңы багыттарды ачууну каалагандыгы, Түштүк Кореянын аба аянтында бир багыт үчүн демилгелердин бар экендиги тууралуу маалымат да берилди.
Пхеньян өкмөтү 2006 - жылы ядролук сыноолорун баштап, алтынчы жана эң күчтүү ядролук сыноосун 3 - сентябрда ишке ашырган.