Бахрейн Израилди колдоду

Израилдин Сирияда Иран күчтөрү жайгаштырылган жерлерге карата кол салууларынан кийин Бахрейндин тышкы иштер министри Ал Халифе твиттерден маалымат берди

968741
Бахрейн Израилди колдоду

Израилдин Сирияда Иран күчтөрү жайгаштырылган жерлерге карата кол салууларынан кийин Бахрейндин тышкы иштер министри Ал Халифе твиттерден маалымат берди.

«Иран аймактагы абалды бузууну, күчү жана ракеталары менен өлкөлөргө кийлигишүүнү уланта бере турган болсо  Израиль  араларында болгон аймак мамлекеттеринин да коркунуч булактарын жок кылуу менен өздөрүн коргоо укугу бар»,- деп билдирди Ал Халифе.

Иран Төңкөрүш Гвардиялары армиясына караштуу Кудс күчүнүн мурунку түнү Сириядан Израиль басып алган Голан дөңсөөлөрүндөгү базаларга карай 20га жакын ракета учургандыгын ортого салган Израиль бул кол салууга жооп катары Сирияда Иран күчтөрү жайгашкан 26 жерге аскердик учактардан ок аткан.



Тектеш кабарлар