Сирияга Израиль кол салуусу

Сириянын борбор шаары Дамасктын Кисва аймагында болгон жарылууда 9 кишинин каза болгондугу билдирилди.

967225
Сирияга Израиль кол салуусу

Сириянын борбор шаары Дамасктын Кисва аймагында болгон жарылууда 9 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Сирия адам укуктарын байкоо үйүнөн берилген маалыматта кол салууда Иран күчтөрүнө таандык  ок – дары сактоочу жерлер бутага алынган жана араларында Иран төңкөрүш коргоочулары болгон 9 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Башар Асад режиминин расмий кабар агенттиги САНАнын аскердик булактарга таянып берген кабарына ылайык кол салуу Израиль тарабынан жасалды. Кабарда Кисва аймагын бутага алган эки Израиль ракетасынын режимдин  абадан коргонуу системалары тарабынан таасирсиз абалга алып келингендиги билдирилди.

Ливандын борбор шаары Бейруттагы эл аралык аэропортунан бир булак болсо кол салуу болгон учурда Израиль аскердик учактарынын Ливан аба мейкиндигинде экендигин билдирди. Булак : «Кол салуу болгон саатта Израиль аскердик учактары Шуф жана Батыш Бека үстүндө учуп жаткан»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар