Путин Коопсуздук кеңешин чогултту

Жыйында кайсы тема каралды?

967502
Путин Коопсуздук кеңешин чогултту

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын Иран менен түзүлгөн атомдук келишимден баш тартуу чечимин сүйлөшүү үчүн Коопсуздук кеңешин чогултту.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге берген маалыматында, бул жыйында АКШнын Иран менен түзүлгөн атомдук келишимден чыгуу чечиминин каралгандыгын айтты.

Песков: «Бул чечимге карата тынчсыздануулар билдирилди жана дагы бир жолу бул документтин (Ирандын атомдук келишими) мааниси баса белгиленди»,-деп айтты.

Жыйынга Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу, ички иштер министри Владимир Колокольцев, коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников, Федерация Кеңешинин төрагасы Валентин Матвиенко, Думанын төрагасы Вячеслав Володин, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев да катышты.



Тектеш кабарлар