Ирандын диний лидери Хаманей Трампка каршы чыкты
Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманей АКШнын президенти Дональд Трампка : «Жаңылыш кылдың»,- деп үн салды.
967347
Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманей кечээ ядролук келишимден баш таркандыгын билдирген АКШнын президенти Дональд Трампка : «Жаңылыш кылдың»,- деп үн салды.
Борбор шаар Тегеранда Ферхенгиян университетинин мугалимдерине кайрылган Хаманей АКШнын президенти Трамптын кечээ кечинде ядролук келишимден чыккандыгын жарыялап сүйлөгөн сөзүн сынга алды.
Сөзүндө : «Трамп сен жаңылыш кылдың»,- деген Хаманей : «АКШ президентинин кечээ кечиндеги жөнсүз сөзүн уктуңуздар. 10дон ашуун жалган айтты. Иран режимин жана калкын коркутту. Мен Иран калкынын атынан кайрылып жатам. Урматтуу Трамп жаңылыш кылып жатат»,- деди.