Эбола кайрадан күч алды

Эболадан 17 киши көз жумду.

967326
Эбола кайрадан күч алды

Африка өлкөлөрүнөн Конго Демократиялык Республикасында, эбола эпидемиясынын себебинен 17 киши каза болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Бикоро аймагында эпидемиянын айынан 5 жуманын ичинде эбола менен ооруган 21 кишинин катталганы жана 17 кишинин көз жумганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Өлкөбүз кайрадан эбола вирусунун эпидемиясы менен бетме-бет келди жана бул эпидемия эл аралык коомчулукка олуттуу коркунуч жаратууда. Буга чейинки эпидемияларды ылдам көзөмөлгө алган кызматкерлерибиз, бул оорунун жайылышына бөгөт болуу үчүн да чара көрүп жатышат»,-делди.

Бир тараптан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан аймакка дарыгерлер жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар