Кениянын алгачкы спутниги жума күнү учурулат
Спутниктин наркы 1,2 миллион доллар.
Чыгыш Африка өлкөсү Кенияда көпчүлүгү жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен иштелип чыккан өлкөнүн алгачкы спутниги 11-май жума күнү космоско учурулат.
Найроби университетинин ректорунун орун басары Питер Мбити борбор шаар Найробиде өткөргөн маалымат жыйында, Япониянын космостук агенттигинин кызматташтыгында университеттин инженерлери тарабынан өнүктүрүлгөн Кеньянын биринчи спутнигинин жума күнү Япониядан космоско учурула турганын айтты.
Питер Мбити орто эсеп менен 1,2 миллион долларлык наркы болгон спутниктин, 1 жылдан 18 айга чейин өмүрү бар экенин белгиледи.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00тө ишке аша турган учуруу иши өлкөдөгү жергиликтүү телеканалдарда түз эфирде көрсөтүлөт.
Бул спутник, Кениядагы талаа аянттарына байкоо салынышы жана жээк тилкесинин иликтенишине жардамчы болот.
Учуруу иштери ийгиликтүү болсо Кения, космоско спутник учурган Африка өлкөрүлөрүн арасында орун алат.
Буга чейин Түштүк Африка, Нигерия, Гана, Алжир жана Египет да космоско спутник учурган болчу.