Нигерияда куралдуу кол салуудан 45 киши каза тапты

Окуя тууралуу териштирүү баштатылды.

965415
Нигерияда куралдуу кол салуудан 45 киши каза тапты

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүк-батышында болгон куралдуу кол салууда 45 киши каза тапты.

Кадуна провинциясындагы Коопсуздук жана жакшы башкаруу тобу тарабынан берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, бир топ куралдуу кишинин Кадуна провинциясына караштуу Гваска айылынын тургундарына ок атканы белгиленди.

Кол салуудан кеминде 45 киши каза болгону, көп сандаган киши да жаракат алганы белгиленген жарыяда, жаралуулардын дарылана баштаганы маалымдалды.

Окуя тууралуу териштирүү баштатылды.

Кадунада өткөн аптада бир кен аймагындагы куралдуу кол салууда да 14 кенчи каза тапкан.



Тектеш кабарлар