Газа чек арасында жаракат алгандардын саны 8 миңге чукулдады

Газа чек арасында тынчтыкчыл митингдерин уланткан палестиндерге Израилдин ченемсиз күч колдонуусунун себебинен жаракат алгандардын саны 8 миңге жакындап калды.

964683
Газа чек арасында жаракат алгандардын саны 8 миңге чукулдады

Израиль аскерлеринин курчоого алган Газа чек арасында 30-марттан бери тынчтыкчыл митингдерин уланткан палестиндерге ченемсиз күч колдонуусунун себебинен жаракат алгандардын саны 8 миңге жакындап калды.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф Кудранын берген маалыматына караганда, Израиль армиясынын кийлигишүүлөрүнүн себебинен Газа чек арасында уюштурулган «Улуу кайтыш жүрүшү» митингдери убагында 7 миң 945 киши жаракат алганын белгиледи.

Жаралуулардан 100нүн митингдерде медициналык тейлөө кылган тез жардам кызматкерлери экенине көңүл бурган Кудра, Израиль армиясынын 25 тез жардам унаасына чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ менен кол салганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар