Түштүк Корея менен Түндүк Корея бирдей убакытка өтүштү
Пхеньян 2015 - жылы саатын Сеулдан 30 минута артка алып өз убакыт тилимин түзгөн болчу.
Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг Ундун эки өлкөнүн чек арасындагы Пханмунджом ок атышууларды токтотуу айылында 27 - апрелде жолугушкан тарыхый саммиттен кийин Түндүк Корея Түштүк Корея менен бирдей убакытка өттү.
Тарыхый саммиттен кийин Түштүк Корея менен бирдей саат тилимине өтүү чечимин чыгаргандыгын жарыялаган Түштүк Корея жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:30да сааттарды 00:00 алып келип эки өлкөнүн ортосундагы саат айырмачылыгын теңдештирди.
Корея Борбордук Маалымат Агенттиги эки өлкөнүн ортосундагы саат айырмачылыгын теңдөөнүн түндүк жана түштүктүн бир болушу жана айырмачылыктарды теңдөө процессин ылдамдата турган алгачкы кадам болгондугун билдирди. Пхеньян 2015 - жылы саатын Сеулдан 30 минута артка алып өз убакыт тилимин түзгөн болчу.