Францияда иш таштоолор улантылууда

Париж жана тегерегинде поезд каттамдарынын жарымынын токтотулгандыгы билдирилди.

963999
Францияда иш таштоолор улантылууда

Францияда темир жол кызматкерлеринин иш таштоосу менен борбор шаар Париж жана тегерегинде поезд каттамдарынын жарымынын токтотулгандыгы билдирилди.

Франция улуттук темир жолдор башкармалыгы тарабынан берилген маалыматта жалпы өлкөдө улантылып жаткан иш таштоонун поезд каттамдарына таасирин тийгизип жаткандыгы билдирилди. Маалыматта 23 -  мартта башталган жана жумасына эки жолу баскыч түрүндө ишке ашкан иш таштоолордун жетөөсүнө катышуунун өскөндүгү билдирилди. Ушул боюнча жалпы өлкөдө бүгүн темир жол транспортунда маанилүү кемчиликтердин болушу күтүлүп жаткандыгы, Париж жана тегерегинде болсо поезд каттамдарынын жарымынын токтолугандыгы белгиленди.

Иш таштоолор улантылып жаткан башка жаат болгон электр жана газ кызматкерлеринин болсо 300 миң үйдүн электр өлчөгүчүн жапкандыгы билдирилди.

Авиация жаатында болгон иш таштоолор улуттук аба жолу фирмасы Air France аба жолу фирмасынын каттмадарынын токтолушуна себеп болду.

Air France башкаруусу кызматкерлердин айлык акыларында 6 пайыздык көбөйтүү жана иштөө шарттарынын жакшыртылышы талабы менен жүргүзгөн иш таштоодон улам бүгүнкү учууларын орточо 25 пайызынын  токтолугнадыгын маалымадады. Маалыматта Air Francтын узун жана кыска аралыктагы каттамдарынын 20 пайызын орточо аралыктагы каттамдарынын болсо 35 пайызынын токтотулгандыгы жарыяланды.



Тектеш кабарлар