Орусиянын учагы кулап түштү
Хмеймим базасынан учкан согуштук учактын көп өтпөй Жер ортолук деңизге түшкөнү белгиленди.
963203
Орусияга таандык Су-30SM үлгүсүндөгү согуштук учак Сириядагы Хмеймим аба базасына жакын жерге түшүп, экипаждын мүчөлөрү көз жумду.
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Хмеймим базасынан учкан согуштук учактын көп өтпөй Жер ортолук деңизге түшкөнү белгиленди.
Учактагы эки пилоттун тең каза болгону сөз кылынган билдирүүдө, кол салуу болбогону, учактын моторуна кирген куштун себебинен түшкөн болушу мүмкүн экени маалымдалды.
Латакия аймагындагы Хмеймим базасы, Орусиянын Сириядагы абадан операцияларын башкарган негизги борбордук база абалында.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 34 миң 454кө жетти
Газада Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.