Орусия АКШга каршы санкцияларын күчөтөт

«Вести в Субботу» программасына катышкан Медведев, АКШнын атуулдарына жеке кишилик санкция киргизилиши сунушун кылды.

960808
Орусия АКШга каршы санкцияларын күчөтөт

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, АКШнын атуулдарына жеке кишилик санкция киргизилиши сунушун кылды.

«Вести в Субботу» программасына катышкан Медведев, бул тема тууралуу маалымдоосунда: «Алар (америкалыктар) бир гана бирөөлөр жакпай калганда атуулдарыбызга карай санкция киргизүү чечимин чыгара алат, биздин да ушундай укугубуз болушу керек»,-деп айтты.

Мындан мурда Орусия парламентинин астыңкы баскычы Думанын ратификациялоосуна сунушталган, АКШ жана башка өлкөлөрдүн санкцияларына каршы санкциялар мыйзам долбооруна сереп салган Медведев, каршы санкциялар мыйзамынын АКШнын атуулу болгон ар бир жеке жана юридикалык кишиге жеке санкция киргизилишине мүмкүнчүлүк бериши керектигин айтты.

«Бул жагынан алганда кескин түрдө симметриялык мамиле жүргүзөбүз» деген Медведев, ал эми мындай түрдөгү чечимдердин автоматтык түрдө болбоосу жана секторлорду толугу менен камтыбашы керектигин баса белгиледи.

Думанын добушка салуусуна сунушталган мыйзам долбоорунда Орус өкмөтүнө ыктымалдуу санкцияларга карай Президенттин жарлыгы менен 16 башка каршы санкцияны ишке ашыруу укугун берет.

Буга караганда айрым өлкөлөрдүн талаа продукцияларын, дары-дармек, тамеки товарларын жана алколдук ичимдиктерин импорттоосуна, айрыкча атомдук энергия, ракета моторлору жана учак куруу аянттарында кызматташууга тыюу салууну алып келиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар