Иран кол салса Израиль жооп кайтарат

Либерман: «Иран атса, биз дагы атабыз»

959345
Иран кол салса Израиль жооп кайтарат

Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман, Иранга караштуу күчтөрдүн Тель-Авивге кол салган учурунда, өздөрүнүн да борбор шаар Тегеранды бутага алып жооп кайтара тургандарын айтты.

Лондондогу сауд Elaph кабар сайтына маалымат берген Либерман: «Израиль согуш каалабайт. Бирок Иран Тель-Авивге кол салса Тегеранды атабыз»,-деп айтты.

Расмий жолугушуулар үчүн АКШга барган Либерман: «Иран Тель-Авивди атса Сирияда ирандыктарга таандык бардык аскердик жайларды жок кылабыз. Бедели эмне болсо болсун»,-деди.



Тектеш кабарлар