S-300 ракеталарынын Сирияга тапшырылышында кепил өкөлөрдүн да пикири алынышы керек

Думанын коргоо комитетинин төрагасы Владимир Шаманов S-300дөрдүн 10 миң метрге чейинки бийиктиктен абадан кол салган аскердик учактарына каршы коргой аларын айтты.

957928
S-300 ракеталарынын Сирияга тапшырылышында кепил өкөлөрдүн да  пикири алынышы керек

Орус парламентинин астыңкы канаты Думанын коргоо комитетинин төрагасы Владимир Шаманов Сирияга S-300 абадан коргоо системасынын жиберилип же жиберилбей тургандыгы тууралуу чечимди чыгаргандан мурда Астана процессинин кепил өлкөлөрүнүн да пикиринин суралышы керектигин айтты.

Шаманов бир орус кабар агенттигине берген маегинде Сирияга S-300 абадан коргоо системасынын жиберилиши менен бул  системанын өлкөдөгү негизги комплекстерди 10 миң метрге чейинки бийиктиктен абадан кол салган аскердик учактарына каршы коргой аларын айтты.

Орус парламентар : «Ушул себептен кепил өлкөлөр Орусия, Түркия жана Ирандын бул багытта чечим чыгарышы менен Сирияга S-300 системаларынын тапшырылышы туура болмок»,- деди.

Шаманов өзгөчө Орусия, Түркия жана Иран лидерлеринин чечим чыгарышы менен орус аскердик өндүрүш өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүнүн Сирияга S-300 ракеталарынын тапшырылышына уруксат берерин да белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар