Макрон АКШда

Макрондун сапарынын максаты эмне?

957587
Макрон АКШда

Франциянын президенти Эмануэль Макрон 3 күндүк расмий сапар менен барган АКШда президент Дональд Трамп менен Ак үйдө жолукту.

Макрондун сапарынын эң маанилүү күн тартип беренеси, ирандын атомдук программасына байланыштуу келишимдин жоюлбашын камсыздоо.

Сирияда ишке ашырыла турган жол картасы менен АКШнын Кытайга багытталган соода согушу да, Трамп-Макрон сүйлөшүүсүнүн берки күн тартип беренелери болмокчу.

Франциянын президенти, борбор шаар Вашингтонго аттанаар алдында Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эки лидер, Ирандын атомдук программасына байланыштуу түзүлгөн келишимге баш ийүү темасында бирдей пикирде.  

Франциянын президенти, АКШдан кийин Орусияга да сапар жасайт.

Вашингтон башкаруучулугунун болсо Макрондон кийин Германиянын канцлери Ангела Меркелди тосуп алышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар