Грек улутчулдары ооган баш калкалоочуларга кол салды

Грек маалымат агенттиги ANA-MPAга караганда арасында ашкере улутчул оңчул партиялардын мүчөлөрү да орун алган топ аралдын негизги аянтчасы Сафустада 5 күндөн бери акция уюштурган баш калкалоочуларга кол салды.

957139
Грек улутчулдары ооган баш калкалоочуларга кол салды

Грециянын Мидилли аралында бир топтон бери отуруу акциясын уюштуруп жаткан ооган баш калкалоочулар, арасында ашкере улутчул оңчул партиялардын мүчөлөрү да орун алган топ тарабынан кол салууга дуушар болду.

Грек маалымат агенттиги ANA-MPAга караганда арасында ашкере улутчул оңчул партиялардын мүчөлөрү да орун алган топ аралдын негизги аянтчасы Сафустада 5 күндөн бери акция уюштурган баш калкалоочуларга кол салды.

Түнү менен уланган окуяларда аялдар жана балдар да болгон баш калкалоочуларды аянттан чыгарыш үчүн салют, таш жана шишелерди ыргыткан топко, полиция көздөн жаш агызуусу газ чачты.

«Тирүүлөй өрттө» деген уураан чакырган митингчилер полициянын кийлигишүүсүнөн кийин чөйрөдөгү таштанды кутуларын өрттөп жиберишти. Окуяда көп сандаган баш калкалоочу жаракат алып ооркуанага жеткирилгени билдирилди.

Окуялардан кийин аянт бошотулуп Мориа баш калкалоочу лагеринин чөйрөсүндө тыгыз коопсуздук чаралары көрүлдү.

Европа Биримдиги менен качкынар макулдашуусунун алкагында башпаанек талаптарына жыйынтык чыгарылганга дейре аралдагы баш калкалоочу саны 9 миңге жакындады. Баш калкалоочу жайлары жетишсиз болгонуна жана начар жашоо шарттарына бир топ жарандык уюмдар тарабынан каршы чыгылууда.



Тектеш кабарлар