Нигериядагы кагылышууларда 30 киши каза болду

Малдарын оттотуу үчүн өлкөнүн түштүгүнө көчкөн фуланилер дыйкандардын малдарын уурдоого аракет кыландыгын жана өздөрүнө да кол салгандарын айтышууда.

956232
Нигериядагы кагылышууларда 30 киши каза болду

 Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүк батышында болгон эки башка куралдуу кол салууда 30 киши каза болду.

Нигерия маалымат агентигинин билдиргенине караганда Замфара аймагына караштуу Кабаро жана Данмани айылдарында куралдуу бир группа тарабынан жасалган кол салууларда көп сандаган киши да жараланды. Аймактын полиция катчысы Мухаммед Шеху берген маалыматында  кол салуулардан улам көп сандаган кишинин корккондуктан аймактан чыгып кетүүгө мажбур блгондугун белгиледи. Шеху аймакка келген коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу үч шектүү кишини кармагандыгын билдирди.

Аймакта кээ кээде чабандар менен дыйкандардын ортосунда болуп жаткан катуу кагылышуулар болууда. Малдарын оттотуу үчүн өлкөнүн түштүгүнө көчкөн фуланилер дыйкандардын малдарын уурдоого аракет кыландыгын жана өздөрүнө да кол салгандарын айтышууда.

Фулани чабандарынын өлкөдө христиандар  көп болгон түштүк аймактарында 18 -  кылымдагы ислам аалымы Шейх Осман Дан Фодинун окуусун жайылтууга аракет кылгандыгы ортого салынууда.



Тектеш кабарлар