Мистура - Лавров жолугушуусу

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистура АКШ менен Орусиянын диалогду улантуулары керектигин айтты.

956225
Мистура  - Лавров жолугушуусу

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистура Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Орусиянын борбор шаары Москвада тышкы иштер министрлигинин конок үйүндө жолугушкандан кийин биргелеше пресс  - жыйын өткөрдү.

Мистура өткөн жумада АКШ, Британия жана Франциянын Сирияда ишке ашырган операциясына карабастан Орусиянын саясий чечүүчү жолдун улантылышына карата билдирүүлөрүнөн ыраазы экендигин белгиледи.

Мистура : «Эгерде ишенимдүү саясий процесске ээ болгон болсок ушуга окшогон кризистердин жолун тосууга болот. Сочидеги Астана форматындагы иштерди кеңейтүүбүз керек. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 номердүү чечиминин негизинде Женева процессин жаңылап жана актуалдаштырып, Конституция комитетинин чечимин жана шайлоо тууралуу чечимин турмушка ашырышыбыз керек. Бул биздин алдыңкылыгыбыз»,- деди.

Орусия менен АКШнын ортосундагы аскердик диалогдун улантылышын ойлогондугун белгилеген Мистура Орусия менен АКШнын келишпестиктерди чечүү үчүн ээ болгон механизмдин ишке жарабагандыгын билдирди.

 



Тектеш кабарлар