Греция жаратылыш газ бөлүштүрүү фирмасын менчиктештирет
Грециянын жаратылыш газ бөлүштүрүү фирмасынын Италиянын энергетика фирмасы Снамдын жетекчилигиндеги консорциумга сатылары билдирилди.
Грециянын жаратылыш газ бөлүштүрүү фирмасы ДЕСФАнын менчиктештирилген 66 пайыздык акциясынын Италиянын энергетика фирмасы Снамдын жетекчилигиндеги консорциумга сатылары билдирилди.
Грециянын мүлктү өнүктүрүү фонду тарабынан берилген маалыматта консерциумдун 535 миллион евролук сунуштар менен тендерди жеңип алгандыгы билдирилди. Ушундайча ДЕСФАнын Грециянын мүлктү өнүктүрүү фондуна караштуу 31 пайыздык жана грек нефть фирмасы Hellenic Petroleumга (ELPE) таандык 35 пайыздык акциясынан турган жалпы 66 пайыздык акция, Италия фирмасы Снам менен бирге Испаниянын Енагас жана бельгиялык Fluxys фирмасынан турган консерциумга өткөрүлүп берилет.
Финансылык кризисти өткөрүүгө аракет кылган Грецияда менчиктештирүүлөр кредиторлор менен келишкен куткаруу пакеттеринин маанилүү бир бөлүгүн түзүүдө.