АКШнын Дума билдирүүсү

АКШ, Думада хлор жана зарин газынын колдонулганын билдирди.

953796
АКШнын Дума билдирүүсү

АКШ, Сириянын Дума аймагында 7-апрелде болгон кол салууда хлор жана зарин газынын колдонулганын билдирди.

Мамлекеттик департаментинин катчысы Хизер Науэрт өткөргөн маалымат жыйынында, Сирияда режимге караштуу кабар агенттиктеринин, Химиялык кураладарга тыюу салуу уюмунун делегациясынын Думага киргендиги жөнүндөгү маалыматтары чындыкка жатпаганын айтты.

Науэрт: «Сириянын мамлекеттик медиасынын бул делегациянын Думага киргендигин айтканын билебиз. Бирок биз муну өз алдынча ырастабайбыз. Биз ишенген булактар делегациянын азырынча Думага кирбегендигин билдиришти»,-деп айтты.

Делегациянын тез арада Думага коопсуз жана ылдам кирүүсүн каалагандарын белгилеген Науэрт: «Бирок ошол эле учурда далилдердин да так болушун каалайбыз. Делегациянын Думага кирүүсү узакка созулган сайын далилдер бузулушу мүмкүн»,-деди.

Катчы Науэрт, колдорундагы маалыматка караганда Думада эки башка химиялык заттын колдонулганын белгилеп: «Колдорубуздагы маалымат кол салуу убагында хлор жана зарин газынын колдонулгандыгын көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Сирия режими, борбор шаар Дамасктын Чыгыш Гута аймагында оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү акыркы жер болгон Дума районунда жарандарга 7-апрелде химиялык куралдар менен кол салып андан 78 киши каза тапкан болчу.

 



Тектеш кабарлар