Орусиялык ишканаларга санкциялар киргизилет

Никки Хейли күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берди.

952138
Орусиялык ишканаларга санкциялар киргизилет

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, Сирияда режимдин химиялык куралга ээ болуусу жана аларды иштеп чыгышына жардам берген орус компанияларга жаңы санкцияларды киргизе тургандарын билдирди.

Никки Хейли Американын CBS телеканалында күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берди.

Программада Орусия менен карым-катнаштарга да токтолгон Хейли, Сирияда режимдин химиялык куралга ээ болуусу жана жасашына жардам берген орусиялык компанияларга жаңы санкцияларды киргизе тургандарын билдирди.

Хейли: «Орусияга санкциялар киргизилет. Казына министри Стивен Мнучин дүйшөмбү күнү бул санкцияларды жарыялайт. Санкциялар түздөн-түз Асад жана химиялык курал колдонуу менен байланышы бар компанияларга киргизилет»,-деди.

Хейли «Fox News Sunday» программасында болсо Орусиянын Венесуэлада Мадуро өкмөтүнө, Сирияда Асадга колдоо көрсөтүп жана Иран менен кызматташтык түзүп туура эмес актерлор менен иштешкенин, Орусиянын жакшы досторунун калбаганын жана алардын да Орусияга зыян тийгизгенин айтты.



Тектеш кабарлар