НАТОго мүчө өлкөлөр операцияны колдоду
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, АКШ баштаган Сирия операциясына толук колдоо көрсөткөндөрүн айтты.
Брюсселдеги НАТОнун штабындагы кезексиз жыйналыштан кийин шериктештердин, АКШ, Англия жана Франциянын Асад режимине карай абадан жүргүзүлгөн операциясына «толук колдоо көрсөткөндөрү» жарыяланды.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, АКШ баштаган Сирия операциясына толук колдоо көрсөткөндөрүн айтты.
Брюсселдеги кезексиз НАТО жыйналышынан кийин массалык маалымат каражаттарына кайрылган Столтенберг, Башар Асад режимин Чыгыш Гутада химиялык курал колдонгондугунан улам айыптады.
Стольтенберг операциядан мурда НАТОнун бардык жолдорду колдонгонун эске салып, аскердик альтернаиивадан башка тандоо калбай калганын, эл аралык коомчулуктун күчтүү жооп бериши керектигин белгиледи.
Бир тараптан НАТОнун штабындагы жыйналыштан кийин жарыяланган жыйынтык билдирүүсүндө, шериктештердин, АКШ, Англия жана Франциянын Асад режимине карай абадан жүргүзүлгөн операциясына «толук колдоо көрсөткөндөрү» жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Беларусь Европада Конвенциялык куралдуу күчтөр келишими ЕКККны токтотту
Беларустун президенти Александр Лукашенко ЕКККны токтоткон мыйзамды бекитти.