Арменияда Саркисянга каршы митинг өткөрүлүүдө

Борбор шаар Еревандагы Франция  аянтында чогулган митингчилер парламентте көпчүлүктү түзгөн Серж Саркисяндын премьер  - министрлик талапкерлигине каршы чыгууда.

951337
Арменияда Саркисянга каршы митинг өткөрүлүүдө

Арменияда миңдеген киши премьер  - министрликке талапкер көрсөтүлүүсү күтүлүп жаткан мурунку президент Серж Саркисянга каршы митинг өткөрүштү. Борбор шаар Еревандагы Франция  аянтында чогулган митингчилер парламентте көпчүлүктү түзгөн Серж Саркисяндын премьер  - министрлик талапкерлигине каршы чыгууда.

Еревандын борборунда авто жолдун жабылышына себеп болгон митингчилер митингди бүгүн Серж Саркисяндын талапкерлигин билдириши күтүлгөн парламенттин алдында улантышарын билдиришти. Арменияда жоопкерчилиги конституциялык референдум менен чектелген президенттикке өткөн айда Армен Саркисян шайланган болчу. Өлкөдө жактырылган жаңы башкаруу системасында премьер  - министрдин жоопкерчилиги президенттен дагы көп болот.

Армен Саркисян дүйшөмбү күнү ант берип президенттик кызматын Серж Саркисяндан өткөрүп алган болчу. Жаңы президентти бул кызматка Серж Саркисян сунуш кылган болчу.

 



Тектеш кабарлар