Испания армян дооматтарын четке какты

Испаниянын өкүлдөр парламенти «Армян геноциди» катары кабыл алынышын күткөн сунушту четке какты.

950695
Испания армян дооматтарын четке какты

Испаниянын өкүлдөр парламентинин тышкы карым  - катнаштар комитети 1915 -  жылдагы окуялардын «Армян геноциди» катары кабыл алынышын күткөн сунушту четке какты. Каталониянын Республикачыл солчул партиясы 2016 -  жылдагы сунушу кечээ Испания өкүлдөр парламентинин тышкы карым  - катнаштар комитетинде күн тартибине келди.

1915 -  жылдагы окуялардын «Армян геноциди» деп мүнөздөлгөн  жана Испания өкмөтүнөн Анкаранын жалган кыргынды кабыл алышы үчүн кыймылда болушун каалаган сунуш Түркиянын дипломатиялык демилгелердин натыйжасында четке кагылды. 9 добушка каршы 17 добуш менен четке кагылган сунушта 9 мүчө да арсар болду.

Сунуш акыркы 3 жылдын ичинде ийгиликсиз болгон үчүнчү демилге болду. Андан мурда да Испания өкүлдөр парламенти жана сенаты да ушуга окшогон сунуштарды четке каккан болчу.



Тектеш кабарлар