АКШнын «кыямат күнү» учагы учурулду

E-4B Nightwatch учагы, АКШнын аба күчтөрүнүн тейлөөсүндөгү Boeing 747-200 учактарынын ыктымалдуу ядролук кол салуу болгон учурунда башкаруучу борбор катары колдонулушу үчүн долбоорлонгон жана жабдылган версиясы.

949616
АКШнын «кыямат күнү» учагы учурулду

АКШнын «кыямат күнү» учагы катары билинген E-4B Nightwatch  (түнкү күзөт) учагын учурганы кабарланууда.

E-4B Nightwatch учагы, АКШнын аба күчтөрүнүн тейлөөсүндөгү Boeing 747-200 учактарынын ыктымалдуу ядролук кол салуу болгон учурунда башкаруучу борбор катары колдонулушу үчүн долбоорлонгон жана жабдылган версиясы.

E-4B Nightwatch,күйүүчү май кошумчасы катары толук бир жума бою атмосферада учуп жүрө алат. E-4B Nightwatch жабдылган шаймандары жагынан болсо ядролук жарылууда зыян тийгизүүчү факторлордон корголгон абалда.

Учактын эмне үчүн учканы темасында дагы деле кеңири маалымат берилген жок. Бул учактардын айрым чет өлкөгө саякаттарында АКШнын президентин коштоп барганы белгилүү.

Бул учурда АКШнын флотунун Жер Ортолук деңизге жөнөткөн «USS Harry Truman» учак конуучу кемеси жана берки кемелер Виргиниядагы Норфолк деңиз базасынан чыгып кетишти.

Эл аралык агенттиктердин дүйнө жүзүнө жайган фотосүрөттөрүндө миңдеген америкалык аскердин үй-бүлөлөрү менен коштошуп жаткандагысы да көрүнгөн.

Бир тараптан согуштук кемелер менен катар Германиянын «FGS Hessen» фрегаты да Жер Ортолук деңизди көздөй бет алат.



Тектеш кабарлар