Сирияга карата абадан операция башталды

АКШ, Британия жана Франция Сирияга карата биргелеше абадан операция баштады.

951294
Сирияга карата абадан операция башталды

АКШ, Британия жана Франция Сирияга карата биргелеше абадан операция баштады. АКШнын президенти Дональд Трамп : «Кыска убакыт мурда Америка күчтөрүнө Сирия диктатору Башар Асаддын химиялык курал күчү тууралуу тийиштүү жерлерге карата операция жүргүзүү  жолдомосун бердим. Британия жана Франция менен бирдикте жүргүзүлгөн операция азыркы учурда башталды. Эки өлкөгө да рахмат айтабыз»,- деди.

Асаддын бир жыл мурда өз калкына карата химиялык курал менен кол салгандыгын айткан Трамп бул кол салуудан кийин АКШнын Сирия режиминин аба күчүнүн 20 пайызын жок кылгандыгын эске салды. Трамп мунун тышында Асад режимин колдогон Орусия менен Иранга да кабар салып : «Бүгүн күнөөлүү Асад режимине колдоо берген, финансылык жардам берген эки башкарууга да кабарым бар : Иран менен Орусияга. Ким күнөөсүз аялдар менен балдарды, эркектерди массалык түрдө өлтүргөн бир кылмышкер менен байланышынын болушун кааласын? Коомдорго достуктарын уланткан өлкөлөр менен каралат. Эч бир мамлекет жырткыч диктаторлорду колдоо менен узун убакыт уланта албайт».  Трамп Орусияга чакыруу салуу менен Москванын «караңгы жолду же цивилизациялуу эл аралык уюмга кошуларына чечим чыгарышы» керектигин ортого салды.

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис : «Бул жылы өткөн жылкы кол салууга караганда эки эсе дагы көп курал колдондук. Буталар дагы тыкандык менен тандалды. Оор кол салуу болгондугун айта аламын»,- деди.

АКШнын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Жосеф Данфорд болсо Орусияга мурунтадан маалымат берилбегендигин айтты.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон операция тууралуу маалыматында : «Сирияда химиялык курал колдонууга уруксат бербейбиз»,- деди. Макрон операциянын режимдин химиялык комплекстерине карата экендигин айтты.

Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй болсо Сирияга каршы күч колдонуудан башка альтернативдин жок экендигин белгилеп : «Бүгүн кечинде Англис куралдуу күчтөрүнө бирдей убакта кол салуу менен Сирия режиминин химиялык курал күчүн азайтышы жана муну колдонуудан баш тарттыруу үчүн жоопкерчиликти бердим»,- деди.

Эскерте кетсек, Сириянын борбор шаары Дамасктын Дума аймагында өткөн жумада жасалган химиялык курал менен кол салууда 78 киши каза болуп, окуядан Асад режимин жооптуу деген башта АКШ жана батыштык күчтөр мунун жоопсуз калбай тургандыгын билдирген.

 

 

 



Тектеш кабарлар