БУУнун коопсуздук кеңеши Чыгыш Гута боюнча шашылыш чогулат

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин Чыгыш Гутанын Дума районундагы химиялык курал кол салуусу боюнча шашылыш чогула турганы билдирилди.

947089
БУУнун коопсуздук кеңеши Чыгыш Гута боюнча шашылыш чогулат

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин Сирияда режимдин курчоосу астындагы Чыгыш Гутанын Дума районундагы химиялык курал кол салуусу боюнча шашылыш чогула турганы билдирилди.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жазуу түрүндөгү жарыясына караганда БУУнун коопсуздук кеңеши Франция, Англия, АКШ жана кеңештин убактылуу мүчөлөрүнөн Кот-д'Ивуар, Голландия, Перу, Польша, Кувейт жана Швециянын талабы боюнча 9-апрелде чогулуу чечимин чыгарышты.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, химиялык куралдардын жарандарды өлтүрүш үчүн абдан көп колдонулгудай абалга келгенине көңүл буруп, «БУУнун коопсуздук кеңеши чогулуп алгачкы кийлигишүү жана көз карандысыз териштирүү үчүн жетүүнү талап кылуу жана ошондой эле  бул кыргынды салгандарды жоопту кылууга мажбур»,-деп айтты.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан да химиялык кол салуулардан кийин Чыгыш Гутадагы абалдын сүйлөшүлүшү үчүн БУУнун коопсуздук кеңешинен шашылыш чогулуусун талап кылган.

Сирияда режимдин Чыгыш Гутада оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү акыркы чекит болгон Дума районунда жарандык отурукташкан жерлерге ишемби күнү химиялык курал менен кол салуусунда 78 киши каза тапкан.



Тектеш кабарлар