Жараланган журналист каза тапты

Газадагы саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел  - Кудра жараланган 30 жаштагы палестиналык журналист Ясир Муртежанын каза болгондугун белгиледи.

946399
Жараланган журналист каза тапты

Израиль аскерлеринин блокадага алынган Газа чек арасында тынчтык митингин улантып жаткан палетиналыктарга кийлигишүүсүндө жараланган палестиналык журналист каза болду.

Газадагы саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел  - Кудра берген жазуу түрүндөгү маалыматта кечээ Улуу кайтуу жүрүшүн иликтеп жаткан учурда Израиль аскерлери аткан ок менен жараланган 30 жаштагы палестиналык журналист Ясир Муртежанын каза болгондугун белгиледи. Көргөн күбөлөр Израиль аскерлеринин Хан Юнустун чыгышында болгон митингдерди тартып жаткан учурда атылган журналисттин үстүндө "Press" деп жазылган коргоочу жилеттин бар экендигин билдиришти.

Муртежа кино режиссеру болуп иштеген "Ain Medya" фирмасынын куруучусу экендиги жана Газадагы абалды баяндаган көп сандаган даректүү фильм тарткандыгы белгиленди. палестиналык журналисттин шейит болушу менен Газада кечээ болгон «Улуу кайтуу» митинги учурунда Израиль аскерлери тарабынан атылган ок менен шейит болгондордун саны 10ге жетип, 400дөн ашууну чыныгы ок менен 1350дөн ашуун палестиналык да жараланды.

Жаралуулардан 33нүн абалынын оор экендиги маалымдалды. Митингдер башталган 30 -  март жума күндөн бери 31 палестиналык шейит болуп, миңдеген киши жараланды.

Бир тараптан Израиль аскерлеринин Газа чек арасындагы тынчтык митингдерине чыккандарга кийлигишүүсү менен каза болгон эки палестиналык жерге берилди.

Газа чек арасында 31 -  мартта өткөн митингдерде жаралангандан бир жумадан кийин каза болгон палестиналык Саир Мухаммед Рабианын жаназасы Жибалия качкын лагеринде окулган жаназа намазынан кийин жерге берилди.

Кечээки митингдерде шейит болгон палестиналык Усаме Кадих үчүн  Хан Юнус шаарында жаназа зыйнаты өткөрүлдү.

Митингдер башталган 30 -  марттан бери 29 палестиналык шейит болду. Палестиналыктар Топурак күнүнүн 42 – жылында  өткөн жумадан бери блокада астындагы Газа тилкесинин Израиль чек арасында тынчтыкчыл кыймылдарды уюштурушууда. Израиль аскерлери болсо «Чыгарылган жерлерине кайра кайтууну жана 2006 – жылдан бери Газага жасалган мыйзамсыз блокаданын жоюлушун» талап кылган жарандарга чыныгы ок  атууда.

Палестналыктар «Кайра кайтуу үчүн улуу жүрүш» деген аттын астында баштаган тынчтык митингдерин алты жума улантууну пландап жатышат.

Митингдердин алты жумага созулушунун бир себеби да АКШнын Тель Авивдеги элчилигин Кудуска көчүрөрүн билдирүүсү болду.



Тектеш кабарлар