Орусия батышты коопсуздук боюнча сынга алды
Батыштын АКШнын жол башчылыгында таштаган бир тараптуу кадамдарынын дүйнөнүн коопсуз тең салмактуулугун бузууда.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров батыштын АКШнын жол башчылыгында таштаган бир тараптуу кадамдарынын дүйнөнүн коопсуз тең салмактуулугун бузгандыгын айтты. Лавров Москвадагы 7 - эл аралык коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө батышты сынга алды. Батыштын Орусияны жаман көрсөтүү үчүн саясий провакацияларды улантып жаткандыгын белгилеген Лавров : «Скрипал окуясы орус дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу үчүн бир гана АКШ менен Британиянын эле эмес, аларга мажбур болгон башка өлкөлөрдүн да баш ийдирилип сахналаштарылган шылтоосу болду»,- деди.
Лавров : «Биздин аракеттерибизге карабастан дүйнөдөгү абал дагы да кыйындай баштады. Негизги себеби болсо батыштын АКШ жол башчылыгындагы бир тараптуу, үзгүлтүксүз коркутууларды камтыган кадамдар дүйнөнүн коопсуздук механизмин бузуп жатат»,- деди.
Тектеш кабарлар
Баербок: "Орусиялык хакерлердин чабуулдары жазасыз калбайт"
Немис министри Австралиянын Аделаида шаарында өткөргөн басма сөз жыйынында билдирүү жасады.