Facebook чатагынын чоо жайы...

Facebookтун технология боюнча жогорку башкаруучусу Майк Шройфер маалымат берди.

945445
Facebook чатагынын чоо жайы...

Facebook чатагы кеңейип баратат...

Фирманын башкаруучулугу 50 эмес, 87 миллион колдонуучунун маалыматтарынын мыйзамсыз колдонулганын моюнга алды.

Facebookтун технология боюнча жогорку башкаруучусу Майк Шройфер берген маалыматында, «Кембридж аналитика» аттуу дата анализ фирмасы менен бөлүшүлгөн колдонуучу маалыматтарынын көбүнүн АКШда экенин билдирди.

Маалыматтары мыйзамсыз түрдө бөлүшүлгөн колдонуучулардын бул темада маалыматтандырыла турганын айтты.

Шройфер айрыкча үчүнчү кишилер менен дата бөлүшүүсү тууралуу чектөөлөрдүн үстүндө иштеп жаткандарын айтты.

Бул чатак менен кыйын күндөрдү өткөргөн Facebookтун эң жогорку жетекчиси Марк Цукерберг да катаны моюнга алды.

«Дүйнөдөгү жоопкерчилигибизди жетиштүү түрдө жакшы баамдай албадык»,-деди.

Цукерберг, алдыбыздагы аптада алгач АКШ Сенатынын сот комитетинде, андан соң Өкүлдөр палатасында түшүндүрмө берет.

Өткөн апталарда Англиянын «Кембридж аналитика» аттуу фирмасынын Facebook колдонуучуларынын маалыматтарын мыйзамсыз колдонгону ачыкка чыккан.

Колдонуучулардын маалыматтарынын АКШда 2016-жылдагы шайлоодо Дональд Трамптын командасы тарабынан жана Англияда да Brexit референдумунда колдонулганы белгилүү болгон.

 

 



Тектеш кабарлар