АКШда тик учар кырсыкка учурады
Тик учардагы 4 экипаждын каза болгондугу болжолдолууда.
944541
АКШнын деңиз флотуна караштуу тик учар машыгуу учурунда кырсыкка учурады. Кырсыкта 4 аскер каза болду. Эль-Центро деңиз флотунун аба комплексинин командирлигинен берилген маалыматта Мексика чек арасында Калифорниянын Эль-Центро аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:35те болгон кырсыктын тик учардын машыгуусу учурунда болгондугу белгиленди.
Маалыматка ылайык CH-53E моделиндеги тик учарда төрт экипаж болгон жана азыркы учурда төртөөсүнүн тең каза болгодугу болжолдолууда. Кырсыктын себебине байланыштуу териштирүү баштатылды.