Израиль аскерлери 5 палестиналыкты жаралады

Израиль аскерлери менен палестиналыктардын ортосунда чыккан окуяларда аскерлер аткан чыныгы жана пластикалык октор менен 5 палестиналык жараланды.

943514
Израиль аскерлери 5 палестиналыкты жаралады

Израиль басып алган Батыш Шерианын ар башка жерлеринде Израиль аскерлери менен палестиналыктардын ортосунда чыккан окуяларда аскерлер аткан чыныгы жана пластикалык октор менен 5 палестиналык жараланды.

Палестиналык саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта чыныгы ок  менен бутунан жараланган 3 палестиналыктын Селфи мамлекеттик ооруканасына алып барылгандыгы белгиленди. Маалыматта өзгөчө Тулкерм шаарынын жакынында да Израиль аскерлери аткан ок менен бир кишинин жаралангандыгы билдирилди. Ошондой эле  жаралуулардын абалында коркунучтуу нерсенин жок экендиги билдирилди. Көргөн күбөлөр да  бир жаш жигиттин Израиль аскерлери колдонгон пластикалык ок менен мойнунан жаралангангандыгын жана аскерлер тарабынан камоого алынгандыгын билдиришти.



Тектеш кабарлар