Иранда өрт чыкты

Өрттө 11 киши каза болду.

943287
Иранда өрт чыкты

Ирандын Хузистан аймагына караштуу Ахваз шаарындагы чайканада чыккан өрттө 11 киши каза болду. Жергиликтүү медиада орун алган маалыматтарга ылайык өрттөн жараланган 13 киши да ооруканаларга жаткырылды. Таңга жуук чыккан өрттө өрт өчүргүч топтору 6 кишини да куткарышты. 

Хузистан коопсуздук директорунун орун басары Али Касымпур окуяда шектүү деп саналган бир кишинин камоого алынгандыгын жарыялады. Касымпур өрт коюу ыктымалынын иликтенерин белгиледи. 

Ирандын түштүк батышында араптар көп жашаган Хузистан аймагы өткөн жумада мамлекеттик телекөрсөтүүдө өлкөдөгү араптарга карата "бөлүүчү жана улутчулдукту" камтыган бир программаны жарыялады деген негиз менен митингдер өткөрүлгөн болчу. 

 

 

 



Тектеш кабарлар