БУУнун Коопсуздук Кеңеши ондогон кеме жана жүк ташуучу фирманы кара тизмеге алды

Түндүк Кореяга карата санкцияларды текшерүү комитети БУУнун санкцияларын бузууга жардам берген бир Таивань жаранына санкция салууга чечим чыгарды.

941641
БУУнун Коопсуздук Кеңеши   ондогон кеме жана жүк ташуучу фирманы кара тизмеге алды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореяга ядролук программасынан улам жасалган эмбарголор менен бирге нефть жана көмүр контрабандасын кылган ондогон кеме жана жүк ташуучу фирманы кара тизмеге алды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга карата санкцияларды текшерүү комитети АКШнын талабы боюнча 15ши Түндүк Кореяга таандык 27 кеме жана 21 жүк ташуу фирмасын кара тизмеге кошту.

Комитет өзгөчө Түндүк Кореянын БУУнун санкцияларын бузууга жардам берген бир Таивань жаранына санкция салууга чечим чыгарды. Таивань  жаранынын  мал  - мүлкү конфискацияланып жана саякатка чыгуусуна тыюу салынат.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хэйли жазуу түрүндө берген маалыматында санкциялардын Түндүк Кореянын мыйзам тышы контрабанда иштерин бутага алгандыгын билдирди. Хэйли санкциялардын бул өлкөгө нефть кириши жана Түндүк Кореянын көмүр сатышына бөгөт болууга карата экендигин белгиледи.

Никки Хэйли эл аралык коомдун бул тарыхый санкцияларды бекитүү менен Түндүк Кореяга максимум кысым жасоо тууралуу биримдик көрсөткөндүгүн билдирди.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши ядролук программасынан улам Түндүк Кореяга 2006 – жылдан бери экономикалык жана аскердик санкцияларды салууда.

 



Тектеш кабарлар