Орусиядан АКШга жооп

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык  60 дипломатты өлкөдөн чыгарышарын билдирди.

941069
Орусиядан АКШга жооп

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Санкт Петербург консулдугун жаап, америкалык  60 дипломатты өлкөдөн чыгарышарын билдирди.

Британия менен союздаштарынын мурунку орус тыңчы Сергей Скрипал окуясынан улам Орусияга каршы башташкан кампания тууралуу Москвадан биринчи так жооп келди.

Британиянын 23 орус дипломатын өлкөдөн чыгаргандан кийин АКШ баш болгон 25тен ашуун батыштык өлкөнүн 150дөн ашуун орус дипломатты өлкөдөн чыгаргандан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кандай жооп беришери тууралуу маалымат берди : «Өз ара аракеттенүүнүн негизине карата кыймыл кылабыз. Ошончо санда дипломатты өлкөдөн чыгарабыз. Санкт Петербург башкы консулдугунун иш алып баруу келишиминен баш тартабыз»,- деген Лавров батыштын таштаган кадамдарына жооп берүү менен эле калбай     тургандарын, андан да ашыкчасын аткарышарын билдирди.

АКШнын Москвадагы элчиси Жон  Хантсмандын орус тышкы иштер министрлигине  чакырылгандыгын жана жооп берүү кадамдары тууралуу маалымат берилгендигин айткан Лавров АКШ өлкөдөн чыгарган орус дипломат санынчалык АКШ дипломатын өлкөдөн чыгарышарын белгиледи. Бул да 60 АКШ дипломат  Орусиядан чыгарылат деген мааниге келет.

Орус тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык АКШнын Москва элчилигинин 58 жана АКШнын Екатеринбург башкы консулдугунун 2 кызматкери «кааланбаган киши» деп жарыяланды.

Маалыматта «кааланбаган киши» деп жарыяланган АКШ дипломаттарынын 5 -  апрелге чейин Орусиядан чыгып кетиши керектиги белгиленди.

Орусиянын Сиэтл консулдугунун жабылышына жооп катары АКШнын Санкт Петербург башкы консулдугу жабылат. Лавров Орусиянын жооп беришинин орус дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарган бардык өлкөлөргө  таасирин тийгизерин белгиледи. Бул да 150дөн ашуун батыштык дипломаттын Орусиядан чыгарылышы деген мааниге келүүдө. Лавров  Лондондун мурунку орус агенти Сергей Скрипал жана кызы Юлиянын 4 -  мартта ууланышында Орусиянын бармагы бар деген жыйынтык чыгарышынын капалантуучу экендигин да белгиледи.

Орус министр : «Ошол эле учурда доо тууралуу териштирүү азырынча бүтө элек. Билгениңиздердей  англис полиция уюму бул үчүн көптөгөн айлардын керек экендигин белгилеп жатат. Бирок чечим билдирилди. Бул капалантуучу абал»,- деди.



Тектеш кабарлар