Трамп менен Макрон Түркия тууралуу сүйлөштү
Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Франциянын президенти Эмануэль Макрондун телефондогу сүйлөшүүсүндө Түркия күн тартипти түздү.
Эки лидердин сүйлөшүүсүндө Түркия менен кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө басым жасалды.
Ак үй, Трамп менен Макрондун ортосунда өткөрүлгөн телефон сүйлөшүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Билдирүүдө: «Президент Трамп, Сириядагы орток стратегиялык кыйынчылыктарга каршы Түркия менен кызматташуунун тыгыздаштырылышы керектигин баса белгиледи»,- деген сөздөргө орун берилди.
Сүйлөшүүдө Трамп менен Макрондун, АКШ менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода-сатык карым-катнаштарын да талкуулагандары белгиленди.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.