Ким Чен Ындын Кытайга барганы чын болуп чыкты

Кытайдын борбор калаасы Пекинде мурда күнү көңүлдөрдү бурган жана ичинен түшкөндөрдүн чоң төрагалык конвою менен өткөн жашыл-сары сызыктуу поезддин сыры белгилүү болуп калды.

939484
Ким Чен Ындын Кытайга барганы чын болуп чыкты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Кытайга барганы жөнүндөгү спекуляциялык кабарлардын чындыкты чагылдырганы түшүнүктүү болду.

Кытайдын борбор калаасы Пекинде мурда күнү көңүлдөрдү бурган жана ичинен түшкөндөрдүн чоң төрагалык конвою менен өткөн жашыл-сары сызыктуу поезддин сыры белгилүү болуп калды.

Атасы Ким Чен Илдин 2011-жылы май айында каза болушунан кийин лидерлик орундугуна олтурган Түндүк Кореянын лидеринин Кытайга барганы айтымдары башында кытайлык жооптуу кызматтагылар тарабынан четке кагылса дагы кечээ ырасталды.

Чет өлкөгө алкачкы расмий сапарын жасаган Ким Чен Ын, алгач ирет чет элдик лидер менен жолуккан болду.

Түштүк Корея жана АКШ менен апрель жана май айларында уюштурулушу пландалган саммиттердин алдында ишке ашырылганы үчүн мааниси дагы да арткан сапарда Ким, «ядролук куралды жоюуга баш ийе тургандыгын» тастыктады.

Ким буларды айтты: «Түштүк Корея жана АКШ аракеттерибизге жакшы ниет менен мамиле кылып, тынчтык жана ырааттуулук атмосферасын жаратып, ошол эле учурда тынчтыктын орнотулушу үчүн илгерилөөгө карай синхрондук чараларды көрсө Корея жарым аралындагы ядролук куралсыздануу маселеси чечиле алат».

 АКШ жана Түштүк Корея менен саммит өткөрүүгө даяр болгонун кайталаган Ким, кытайдын лидери Си Цзиньпинди болсо өлкөсүнө чакырды.

Ким, өлкөсүнүн тынчтык үчүн демилге көтөргөнүн да белгилеп өттү.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин жарыясында да Кимдин, «Түндүк Корея чыңалууларды азайтыш үчүн демилге көтөрүшү жана тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн сунуштарды кылышынан кийин Корея жарым аралындагы абалдын оңоло баштаганын айтканын» маалымдады.



Тектеш кабарлар